Мазмунга өтүү

Факультет мугалими / Кыргыз филологиясы факультети

Декандын саламы

Кыргыз филологиясы факультети

Урматтуу студенттер, коноктор, окутуучу-өнөктөштөр!

Кыргыз филологиясы факультети – мамлекеттин уңгусун, көрөңгөсүн келечек муунга мурас катары калтыруу үчүн кыргыз тилин жана адабиятын жогорку деңгээлде окутуу максатында факультет чоң жоопкерчилик менен иш алып барат.

Кыргыз филологиясы факультети

Кыргыз филологиясы факультети

Кыргыз филологиясы факультети 1997-жылы БГУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык Түркология факультети болуп, өз ишмердигин баштаган. Факультетте кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча окутуучуларды даярдоо менен бирге өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ичинен биринчилерден болуп түрк тилдерин тереңдетип окутуп, филолог котормочуларды жана түрк тили боюнча адистерди даярдоону колго алууда.

Факультеттин миссиясы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берген жана азыркы эмгек рыногунда конкуренттикке жөндөмдүү профессионалдык гуманитардык жана педагогикалык жогорку билимдүү адистерди даярдоо.

Факультеттин Максатыокутуп-үйрөтүү тармагында максаты болуп кенен дүйнө таанымга жана коомдук толеранттуулукка ээ болгон адистик — багытталган инсанды даярдоо болуп эсептелет. Инсанды тарбиялоо тармагында максат болуп студенттерде:

  • Ой жүгүртүү, информацияны кабыл алуу, жалпылоо, анализдөө маданиятында өз алдынчалуулукту;
  • Айлана-чөйрөнү кабыл алууда толеранттуулукту, өз алдынчалуу чечимдерди кабыл алууну;
  • Коюлган максаттарга, илимий ишмердүүлүктүн негиздерине жетүүдө жаңы технологияларды паидалануу мүмкүнчүлүктү онуктуруу болуп эсептелет.

Факультеттин негизги милдети – бакалаврлардын адистик ишмердүүлүгү филология жана гуманитардык билим тармагында, тилдик инсан аралык жана маданият аралык коммуникацияда, билим берүү, маданият жана башкаруу мекемелеринде ишке ашат.

Арыз берүүчү  мен абдан бактылуумун

Бүгүнкү күндө заман талабына ылайык адистерди даярдоону эң башкы максаттарынын бири катары эсептөө менен бирге жыл сайын алга карай ишенимдүү кадам шилтөөдө.

Алдыда студенттик жашоо, профессионалдык өнүгүү жана жеке өсүү мезгили турат. Келечегиңер силердин колуңарда. Студенттик жылдарды жемиштүү пайдалануу, келечегиңизди аныктайт. Ошондуктан адистикти тандоого өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылуу абдан маанилүү.

Факультет келечектеги мугалимдин инсандыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Студенттер өздөрүнүн потенциалын билим берүү жана илимий ишмердүүлүктө гана эмес, маданий, чыгармачылык, спорттук жана социалдык маанилүү долбоорлордо да ишке ашырышат. Факультеттин жашоосуна катышуу коммуникативдик жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө, лидерлик сапаттарды, жоопкерчиликти жана кесиптик этиканы калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими жана ошондой эле түрк тили менен бирге адабияты боюнча мугалим, массалык маалымат каражаттарында мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары боюнча адис, жеке ишканаларда, туристтик фирмаларда, отелдерде котормочу болуп эмгектенишүүдө.

Байланыш Каражаттары

Деканат: +996 (312) 21-87-12

Дарега: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов 27, Б квартал, 401в бөлмө

E-mail: fkf@bhu.kg