С 12 по 15 мая 2025 года в городе Бремен (Германия) на базе Constructor University состоялся международный семинар проекта «Зелёные соглашения в университетах Центральной Азии», реализуемого в рамках программы Erasmus+. В этом мероприятии приняли участие декан факультета экологии и менеджмента, координатор проекта Э.Т. Бокоева и
К.Карасаева атындагы БМУнун Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар департаментинин директору Э.К. Канатбеков.
Семинарга Германия, Австрия, Словакия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген алдыңкы университеттердин 30дан ашык өкүлдөрү катышып, алар активдүү диалогго, тажрыйба алмашууга жана туруктуу академиялык өнөктөштүктү түзүүгө салым кошушту.
Иш программасынын алкагында БМУнун өкүлдөрү презентацияларды жасашты, анда алар университеттин туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашыруу жана “жашыл келишимдер” концепциясын илгерилетүү боюнча жетишкендиктери менен тааныштырышты. Презентацияларда өзгөчө көңүл окуу процессинин экологиялык трансформациясына, университеттин стратегиясына жашыл принциптерди киргизүүгө, студенттер арасында экологиялык билимди калыптандырууга жана келечекте БМУда жашыл демилгелер борборун түзүүгө бурулду.
Семинардын катышуучулары долбоорду ишке ашыруунун негизги компоненттерин талкуулашты:
- биргелешкен билим берүү модулдарын иштеп чыгуу;
- университет чөйрөсүндө жашыл келишимдерди ишке ашыруу планын даярдоо;
- глобалдык экологиялык күн тартибин эске алуу менен Борбордук Азиядагы университеттерди өнүктүрүү стратегияларын жаңылоо;
- өнөктөш университеттерде “жашыл келишим” борборлорун түзүү;
- долбоордун жаңыланган жол картасын бекитүү.
© Эдил Канатбеков – Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы



