Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин өкүлдөрү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өтүп жаткан "Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санариптик университеттер" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Делегациянын курамында БМУнун ректору Мирлан Дылдаев, Экология жана менеджмент факультетинин деканы Элегия Бокоева, лектор Назира Жайлообаева жана эл аралык мамилелер жана долбоорлор боюнча координатор Рахат Рай кызы болгон.
Иш-чара Европа Биримдигинин ERASMUS+ "Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санариптик университеттер" (GreenKG) долбоорунун алкагында уюштурулду.
Конференциянын негизги максаты - Кыргызстандагы университеттердин жашыл жана санариптик трансформациясынын шартында жогорку билим берүүнү туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо. Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар билим берүү процессине заманбап мамилелерди киргизүүгө багытталган ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен тажрыйба жана мыкты тажрыйбалар менен алмашышат.
БМУнун өкүлдөрүнүн бул иш-чарага катышуусу эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, университеттин илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагында инновациялык чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
