2025-жылдын 5-декабрында Т. Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык-музыкалык институтунда студенттер үчүн «Заманбап мугалим кандай болушу керек?» аттуу конок лекция өттү. Иш-чарага К. Карасаев атындагы БМУнун Педагогикалык билим берүү факультетинин деканы Мира Мураталиева, Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Эльзада Сабырова жана Мира Түмөнбаева катышты.
Лекцияда заманбап билим берүү системасында мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгү, педагогикалык чеберчилиги, санариптик сабаттуулугу, коммуникациялык маданияты жана үзгүлтүксүз өнүгүүсүнө коюлган талаптар кеңири талданды. Студенттер менен интерактивдүү талкуу өткөрүлүп, келечектеги мугалимдин инсандык сапаттары жана инновациялык окутуу ыкмаларын колдонуудагы ролу талкууланды. Иш-чара студенттердин кесиптик түшүнүгүн кеңейтүүгө жана теориялык билимин практикалык көз караш менен айкалыштырууга өбөлгө түздү.
