Мазмунга өтүү

К. Карасаев атындагы БМУнун ректору Мирлан Дылдаев ШКУнун 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты

Ректор БГУ им. К. Карасаева Мирлан Дылдаев принял участие в международной конференции, посвящённой 25-летию ШОС

2026-жылдын 22-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге» аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн эл аралык конференциясы болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз-Кытай изилдөө институтунун активдүү катышуусунда уюштурулуп, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдыгына арналды.

Конференцияга К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев катышып, жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү жана ШКУ алкагындагы эл аралык илимий кызматташууну кеңейтүү маселелерине арналган доклад менен чыгып сүйлөдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Азербайжан, Индия, Казакстан, Кытай, Россия Федерациясы, Түркия жана Өзбекстандын дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, конференцияга ШКУга мүчө мамлекеттердин алдыңкы жогорку окуу жайларынын окутуучулары, студенттери жана жаш изилдөөчүлөрү катышып, илимий пикир алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.