2025-жылдын 1-декабрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев социология илимдеринин доктору, доцент, Кубан мамлекеттик университетинин (КубСУ) окуу иштери жана билим берүүнүн сапаты боюнча проректору, биринчи проректору жана КубСУнун социология кафедрасынын башчысы Темир Хагуров менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле БМУнун окуу иштери боюнча проректору Канатбек Токтобаев, орус филологиясы факультетинин деканы Рахат Ниязалиева жана эл аралык мамилелер жана инвестициялар департаментинин директору Эдил Канатбеков катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү келечегин, анын ичинде академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
2025-жылдын 1-декабрь күнү К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев, Кубан мамлекеттик университетинин (КубМУ) окуу иштери жана билим берүүнүн сапаты боюнча проректору, биринчи проректору, социология кафедрасынын башчысы Темыр Хагуров менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле БМУнун окуу иштери боюнча проректору Канатбек Токтобаев, Орус филологиясы факультетинин деканы Рахат Ниязалиева, эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору Эдил Канатбеков катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки окуу жай ортосундагы кызматташууну кеңейтүүнүн багыттарын, анын ичинде академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий-изилдөө долбоорлорун жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду түзүү жана өнөктөштүк байланыстарды кеңейтүү боюнча иштерди мындан ары да улантууга ниеттеништи.
