2025-жылдын 17-сентябрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга орус филологиясы факультетинин деканы Рахат Ниязалиева, профессор Анарбай Сыдыков жана эл аралык байланыштар департаментинин директору Эдил Канатбеков катышты.
Иш сапарынын жүрүшүндө меймандар университетте иштеп жаткан Беларусь борборуна барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен достук баарлашып, БМУ менен Беларусь Республикасындагы окуу жайлардын мындан аркы кызматташуусунун келечеги талкууланды.
Элчи Сергей Молунов университетке бир топ китептерди белекке берип, эки өлкөнүн маданий жана билим берүү тармагындагы алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.






