Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде ректор, профессор Мирлан Дылдаев менен Таиланддын алдыңкы университеттеринин бири – Успен университетинин делегациясынын жолугушуусу болду.
Делегациянын составында:
• Доктор Гао Ли — Успен университетинин вице-президентинин жардамчысы, билим берүү инновациялары, эл аралык кызматташтык жана аспирантура боюнча жооптуу;
• Доктор Конгрит Чатпатомрак — Успен университетинин өкүлү;
• Чен Канг мырза — Кытайдагы Успен университетинин расмий кеңсесинин кызматкери.
Жолугушууга ошондой эле катышты Дауров Хусей Шимарович, Казакстандын дунган ассоциациясынын төрагасы, «Жаңы Жибек жолу» коомдук фондунун президенти.
Жолугушуунун жүрүшүндө академиялык алмашуу, биргелешкен илимий жана билим берүү программалары жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

