23-майда Бишкек мамлекеттик университетинде Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү Данияр Назаралиев, ректор Мирлан Дылдаев жана студенттер менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда Данияр Назаралиев студенттик жылдардагы эскерүүлөрү менен бөлүшүп, кесипчилик жолуна токтолуп, студенттерге баалуу кеп-кеңештерин айтып, ошондой эле университетке интерактивдүү смарт доска белек кылды.
Мындан тышкары, ал авторлорунун бири болгон “Кыргыз Республикасынын мыктылары” колдонмосун тартуулады. Китеп Кыргызстандын маданий, жаратылыш жана туристтик жерлерине арналган жана өлкөнү эл аралык аренада таанытууга багытталган. Бүгүнкү күндө бул китеп дүйнөнүн 34 өлкөсүндө колдонулат.
Биз бүтүрүүчүбүз менен сыймыктанабыз жана Данияр Назаралиевге университеттин өнүгүшүнө, жаштарды колдоого жана Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!