Мазмунга өтүү

БМУнун студенти Назима Амангулова «Түрк элдеринин мыкты студенти» наамына татыды

Студентка БГУ имени К. Карасаева Назима Амангулова удостоена звания «Лучший студент тюркских народов»

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин 4-курсунун КТА-3-22 группасынын студенти Назима Амангулова «Түрк элдеринин мыкты студенти» наамына ээ болду.

Назима аталган эл аралык конкурсқа катышып, ал Националдык инновациялык илимий-изилдөө борбору «BILIM ORKENIETY» тарабынан уюштурулуп, Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөрүлгөн.

Жогорку академиялык жетишкендиктери, жаштар саясатынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Назима I даражадагы Диплом, статуэтка, медаль жана атайын күбөлүк менен сыйланды.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жамааты Назима Амангулованы бул чоң жетишкендиги менен чын дилинен куттуктайт жана окуу-илимий иштеринде мындан аркы ийгиликтерди каалайт.