Мазмунга өтүү

БМУнун студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Алматы шаарында билим алууда

Студенты БГУ проходят обучение в Алматы в рамках программы академической мобильности

Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруунун алкагында жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин «Китепканат таануу жана документ таануу» багыты боюнча окуган студенттери Алматы шаарында билим алышууда.

Программага Курманбек кызы Бурулсун, Саткинова Айзада, Саринжиева Аделина катышууда. Кабыл алуучу жогорку окуу жайда билим алуу студенттерге академиялык көз карашын кеңейтүүгө, практикалык тажрыйба топтоого, заманбап окутуу ыкмалары жана ресурстары менен таанышууга, ошондой эле кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.