Мазмунга өтүү

БМУнун студенттери Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

Студенты БГУ провели благотворительную акцию ко Дню детей-инвалидов

3 декабря 2025 года студенты направления «Социальная работа» Социально-психологического факультета БГУ им. К. Карасаева провели благотворительную акцию, посвящённую Международному дню детей-инвалидов. Мероприятие прошло в реабилитационном центре «Келечек» и было направлено на поддержку его воспитанников.

В рамках акции студенты организовали развлекательную программу, творческие занятия и вручили детям подарки. Инициатива способствовала укреплению социального взаимодействия, развитию волонтёрской культуры и привлечению внимания к важности поддержки детей с ограниченными возможностями здоровья.

2025-жылдын 3-декабрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Социалдык-психологиялык факультетинин «Социалдык иштер» багытынын студенттери Эл аралык Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо күнүнө арналган кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Иш-чара реабилитациялык «Келечек» борборунда болуп, анын тарбиялануучуларын колдоого багытталды. Акциянын алкагында студенттер көңүл ачуучу программаны уюштуруп, чыгармачыл иш-чараларды өткөрүшүп, балдарга белектерди тапшырышты. Бул демилге социалдык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ыктыярчылык маданиятын өнүктүрүүгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоонун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга өбөлгө түздү. Бишкек мамлекеттик университети мындан ары да студенттердин адамкерчилигин, боорукерлигин жана социалдык жоопкерчилигин тарбиялоого багытталган коомдук маанидеги долбоорлорду ишке ашырууну улантат.