27-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган "Жашыл келишим борборлору" долбоорунун алкагында академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин география, туризм жана жаратылыш таануу факультетинин студенттери Кашка-Суу районунда экологиялык ишембилик уюштурушту.
Иш-чаранын негизги максаты - айлана-чөйрөнү сактоо, жаштар арасында жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди жайылтуу. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Кашка-Суу аймагын тиричилик таштандыларынан тазалап, коомчулукту экологиялык демилгелерге активдүү катышууга үндөштү.
Бул демилге студенттердин туризм жаатындагы теориялык билимдерин практикалык иш-чаралар менен айкалыштырууга, ошондой эле жаштар арасында туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтууга багытталган.
