Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа цивилизациясы факультетинин биринчи курсунун студенттери тил билүү деңгээлин аныктоо максатындагы маектешүүгө катышышты. Иш-чара эл аралык кызматташтыкты, маданияттар аралык диалогду жана тилдик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталды.
Маектешүүнүн жүрүшүндө студенттер жогорку деңгээлдеги кызыгуусун, мотивациясын жана активдүүлүгүн көрсөтүштү. Университет мындан ары да эл аралык демилгелерди кеңейтип, студенттердин өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат.
