28-апрель 2026-жылы факультеттин мугалимдери жана студенттери Улан Эгизбаев тууралуу тарыхка негизделген иликтөөчү журналисттер жөнүндө тасманын презентациясына катышышты. “Мафия. Миллиондор изи” аттуу тасма журналисттерге көрсөтүлүп, маркум журналисттин элесине арналып тартылган. Тасма көз карандысыз журналистиканын маанилүүлүгүн, кайраттуулукту жана коом алдындагы кесиптик жоопкерчиликти терең ачып берет. Ошондой эле чыныгы окуяларга негизделип, заманбап дүйнөдөгү журналисттик иликтөөлөрдүн ролун чагылдырат. Фильмдин продюсери — Кыргызстандагы эң таасирдүү иликтөөчү журналисттердин бири Али Токтакунов болуп, ал сценарийдин автору катары да иш алып барган. Бул иш-чара студенттер үчүн маанилүү жана шыктандыруучу тажрыйба болуп, кесиптин өзгөчөлүгүн жана анын коомдогу ордун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Улан Эгизбаевдин элесине арналган тасма
