Мазмунга өтүү

БМУда “Манас – руханий мурас” аттуу факультет аралык таймаш өттү

В БГУ прошёл межфакультетский турнир “Манас – духовное наследие”

2025-жылдын 18-ноябрында кыргыз филологиясы факультети тарабынан “Манас – кыргыз элинин руханий туу чокусу” аттуу факультет аралык таймаш өткөрүлдү. Алгач К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев сүйлөп, командаларга ийгилик каалап өттү. Иш-чаранын негизги максаты — улуу эпос “Манастын” маңызын терең ачуу, жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук маданиятты, тарыхый мурастарыбызды даңазалоо болуп саналат. Таймашка ар бир факультеттен беш студенттен турган бирден тайпа катышып, өздөрүнүн билимин, талантын жана улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Маданий бөлүгү өзгөчө көрк кошуп, катышуучулар комуз чертип, улуттук бийлерди бийлеп, кыргыз элинин бай мурастарын чагылдырышты. Жыйынтыгында тайпалар төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө ээ болушту: 1-орун "Айчүрөк" тобу 2-орун "Бакай" тобу 3-орун "Айкөл Манас" тобу Топтун ар бир оюнчуларына китеп, диплом жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Основной целью мероприятия стало глубокое раскрытие сути великого эпоса «Манас», обогащение духовного мира молодёжи, а также популяризация национальной культуры и исторического наследия.

В турнире приняли участие команды по пять студентов от каждого факультета, продемонстрировав свои знания, таланты и интерес к национальным ценностям.

Культурная часть придала особый колорит мероприятию: участники исполнили кюи на комузе, национальные танцы и отразили богатое наследие кыргызского народа.

По итогам соревнования команды распределились следующим образом:

1 место — команда «Айчүрөк»

2 место — команда «Бакай»

3 место — команда «Айкөл Манас»

Каждому участнику были вручены книги, дипломы и благодарственные письма.