2025-жылдын 10-сентябрында Джорджтаун университетинин (АКШ) лингвистика боюнча профессору Жилл Нойендорф заманбап котормо теориясынын актуалдуу маселелерине жана тил илиминдеги тенденцияларга арналган вебинар өткөрдү.
Вебинарга К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор М.Дылдаев, Европа цивилизациялары факультетинин деканы доктор Н.Б.Жаркинбаева, англис тили кафедрасынын башчысы доцент М.С.Баяманова, котормо теориясы жана практикасы кафедрасынын башчысы доцент Э.Б.Жумакева, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты.
