Мазмунга өтүү

БГУда Литвадан келген эксперттер менен жолугушуу өттү

В БГУ прошла встреча с экспертами из Литвы

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Европа Биримдигинин "Мектептерде инклюзивдүү жана STEAM билим берүүнү илгерилетүү" долбоорунун алкагында Литвадан келген каржы эксперттери менен жолугушуу өттү.

Сапардын максаты университеттерде каржылык пландаштырууну жана ресурстарды башкарууну уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу болгон. Литвалык адистер университеттин администрациясынын жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, инфраструктураны кыдырып, каржылык жана экономикалык ишмердүүлүктөгү алдыңкы тажрыйбаларды талкуулашты.

Иш-чара достук жана конструктивдүү атмосферада өтүп, БМУнун эл аралык кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошту.