Мазмунга өтүү

БМУда англис тилин окутууда тест тапшыруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган эл аралык маалыматтык сессия өттү

В БГУ состоялась международная информационная сессия по развитию навыков тестирования в обучении английскому языку

Бишкек мамлекеттик университетинде «Англис тилин (EFL) окутуу процессине тест тапшыруу көндүмдөрүн интеграциялоо» темасында эл аралык маалыматтык сессия өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын англис тили боюнча окутуучулары катышты.

Аталган сессия окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле билим берүү процессине натыйжалуу жана заманбап ыкмаларды киргизүүгө багытталды. Анын алкагында катышуучулар студенттердин англис тилин өздөштүрүү процессинде тесттерди ийгиликтүү тапшыруу көндүмдөрүн калыптандыруунун практикалык аспектилерин талкуулашты.

Сессиянын жүрүшүндө Селестина Кардоз — ETS компаниясынын (Париж кеңсеси) институционалдык продуктылар боюнча академиялык директору — баяндама жасады. Ал өз сөзүндө тесттик көндүмдөрдү окутуу процессине интеграциялоонун заманбап стратегияларын сунуштап, эл аралык тажрыйбасы жана практикалык сунуштары менен бөлүштү.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулардын жогорку кызыгуусун жаратты. Ошондой эле сессия тажрыйба алмашуу жана англис тилин окутуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп кызмат кылды.