Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинде Италиянын элчилиги менен жолугушуу өттү

В Бишкекском государственном университете прошла встреча с посольством Италии

Бүгүн К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетининин ректору Мирлан Дылдаевдин жана Италиянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Антонелло Де Риу, Италия маданият институтунун директору Эдоардо Крисафулли жана Италиянын Кыргызстандагы Почёттуу консулу Мария Беспалова расмий жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда тараптар Италия университеттери менен БМУ ортосундагы академиялык кызматташтыктын келечеги тууралуу талкуулашты. Атап айтканда, төмөнкү багыттар каралды: - биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү; - академиялык мобилдүүлүктүн жаңы форматтарын түзүү; - БМУнун студенттери жана окутуучулары үчүн стипендиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу; - университеттер аралык диалогду жана эл аралык интеграцияны өнүктүргөн маданий жана илимий демилгелерди колдоо. Бул визит Европа багытындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү кадамы болуп, студенттерге билим алуу, изилдөө жүргүзүү жана маданий алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Италия өкүлдөрүнүн бул сапары кыргыз-итальян жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун негизин түздү.

Жолугушууда тараптар Италиянын университеттери менен БМУнун ортосундагы академиялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, төмөнкү багыттар каралды:

  • биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
  • академиялык мобилдүүлүктүн жаңы форматтарын түзүү;
  • БМУнун студенттери жана окутуучулары үчүн стипендия мүмкүнчүлүктөрүн ачуу;
  • университеттик диалогду жана эл аралык интеграцияны өнүктүрүүчү маданий жана илимий демилгелерди колдоо.