К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде "Жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер" деген темада конок лекциясы өттү. Лекцияны Ulutsoft компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Мирбек Окенов окуду.
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Жасалма интеллект — мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар” темасында конок лекция болуп өттү. Лекцияны “Улутсофт” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Мирбек Окенов окуду. Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллекттин өнүгүү тенденциялары, анын билим берүү тармагында жана күнүмдүк жашоодо колдонулушу, ошондой эле технологияны колдонууда жаралышы мүмкүн болгон тобокелчиликтер талкууланды. Студенттер активдүү катышып, лектор менен суроо-жооп форматында баарлашып, практикалык кеңештерге ээ болушту.
Студенттер лекцияга активдүү катышып, суроолорун беришти жана баяндамачыдан практикалык сунуштарды алышты.
