2025-жылдын 23-ноябрынан 29-ноябрына чейин Казакстанда 7-Азия чемпионаты өтүп, анда Кыргызстан курама командасы "Тогуз коргоол" оюнунда биринчи орунду ээледи! 🇰🇬🥇
Биз бул жеңүүчү команданын курамына кирген К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ЖК-24-1 тайпасынын студенти Дастан Масалбеков менен өзгөчө сыймыктанабыз!
Спортчуларыбызды куттуктайбыз жана аларга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!
