Мазмунга өтүү

AELLCA долбоорунун алкагында академиялык жазуудагы инклюзия боюнча эл аралык тренинг өттү

В рамках проекта AELLCA прошёл международный тренинг по инклюзии в академическом письме

2025-жылдын 15–16-декабрь күндөрү Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинде Британия консулдугунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан AELLCA долбоорунун алкагында академиялык жазуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Иш-чараны Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык билим берүү жана долбоорлор боюнча координатору Рай кызы Рахат алып барып, тренингдин жүрүшүндө академиялык жазуу курсунда инклюзивдүү аудитория менен иштөөнүн теориялык негиздери жана практикалык ыкмалары сунушталды. Катышуучулар академиялык тексттерди жазууда инклюзия принциптерин колдонуу, студенттердин ар түрдүү билим берүү муктаждыктарын эске алуу жана жеткиликтүү окутуу стратегияларын ишке ашыруу боюнча кеңири маалымат алышты.

Тренингге Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин магистранттары жана докторанттары активдүү катышып, академиялык жазуунун сапатын жогорулатууга багытталган заманбап ыкмалар менен таанышышты.

Аталган иш-чара инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө, окутуунун сапатын жогорулатууга жана эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү демилге болуп саналат.