2025-жылдын 11-июнунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы конструктивдүү кызматташуунун формаларын издөө максатында Сапат, практика жана карьера бөлүмү тарабынан “21-кылымдын бүтүрүүчүсү. Өнөктөштүк мамилелердин учуру жана келечеги” аттуукереге кеңеш өткөрүлдү.
Кереге кеңешке К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор Мирлан Муктарович Дылдаев, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абылкасымов Төөлөсбай Турдалиевич, ар тармактардын иш берүүчүлөрү, атап айтканда КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрациясынын өкүлдөрү, окуу жайдын профессордук-окумуштуулар курамы, бүтүрүүчүлөр жана массалык маалымат каражаттары катышты.
Иш-чара атаандаштыкка жөндөмдүү жаш адистин моделин түзүүгө, бүтүрүүчүлөрдү жумуш орундарында адаптациялоодо колдоо системасын түзүүгө багытталган.
Кереге кеңештин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жана жеке сапаттары, иш берүүчүлөрдүн талаптары, жумушка орношуу пайызын жогорулатуу жолдору, ошондой эле билим берүү программаларын иштеп чыгууда жана кесипке багыт берүү боюнча иш-чараларды уюштурууда кызматташуунун келечеги талкууланды.
Кереге кеңештин жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жогорулатууга багытталган туруктуу социалдык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча резолюция бир добуштан кабыл алынды.
© Канатбек Токтобаев – сапат, практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы