Перейти к содержимому

“Уңгужол – заман талабы”:  БМУда улуттук идеяны чагылдырган китеп жарык көрдү

“Уңгужол – заман талабы”:  БМУда улуттук идеяны чагылдырган китеп жарык көрдү

            2025-жылдын 19-июнунда академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында “Уңгужол – заман талабы” аттуу илимий-методикалык китептин бет ачар аземи болуп өттү. Бул эмгек университеттин окумуштуулары тарабынан даярдалып, Жарлыкта белгиленген багыттарды ишке ашырууга багытталган.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Президенттик администрациянын өкүлү, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев, Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, белгилүү окумуштуулар – профессорлор Сулайман Кайыпов, Кыяс Молдокасымов, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Китепте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунда каралган мамлекеттик тил, улуттук тарых, кыргыз философиясы, этнопедагогика жана экология сыяктуу негизги төрт багыт илимий негизде талданып берилет. Авторлордун айтымында, глобалдашуу шартында улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү — тилибизди, маданиятыбызды, каада-салттарыбызды сактоо жана өнүктүрүү коом алдындагы маанилүү милдет. Бул китеп дал ушул максатта жазылып, улуттук баалуулуктарыбызды дүйнөлүк деңгээлде таанытууга салым кошот.