Перейти к содержимому

Академик Кусеин Карасаевдин эмгектери: кыргыз тил илиминин казынасы

Академик Кусеин Карасаевдин эмгектери: кыргыз тил илиминин казынасы

Кусеин Карасаев — 30 томдон ашык илимий эмгектин автору, кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу. Ал биринчи даражадагы «Манас» орденинин кавалери.

Анын эмгектеринин ичинен өзгөчө орунду 60 миңден ашык сөздү камтыган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» ээлейт. Ошондой эле «Орусча-кыргызча», «Кыргызча-орусча» сөздүктөрү, «Накыл сөздөр», «Камус наама» сыяктуу китептери эл арасында «Карасаевдин сөздүктөрү» деген ат менен белгилүү.

«Камус наама» эмгегинде араб, фарс, монгол, калмак, кытай, дунган, уйгур жана орус тилдеринен кыргыз тилине кирген 5000ден ашык сөз, термин, жер-суу жана адам аттары чечмеленген.

Мындан тышкары, ал дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Алардын катарында Максим Горькийдин «В людях», «Жизнь ненужного человека», Александр Радищевдин «Петербургдан Москвага саякат», Жанни Родаринын «Чипполино», Рабиндранат Тагордун чыгармалары жана кытай эл жомоктору бар.

Кусеин Карасаевдин эмгектери бүгүн да кыргыз тилинин өнүгүшүнө кызмат кылып, баалуу мурас катары сакталып келет.