Перейти к содержимому

Бишкек мамлекеттик университети жана Бурят мамлекеттик университети онлайн жолугушуу өткөрүштү

Бишкек мамлекеттик университети жана Бурят мамлекеттик университети онлайн жолугушуу өткөрүштү

2025-жылдын 15-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жана Бурят мамлекеттик университетинин жетекчилиги онлайн форматта жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар илим, билим берүү жана академиялык мобилдүүлүк тармагындагы кызматташуунун багыттарын талкуулашты. Айрыкча биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулардын алмашуусун уюштуруу, ошондой эле илимий конференциялар менен долбоорлорду өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.c