К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Жумаков Азим каржылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиаданын «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча байге ээси болду. Олимпиаданын финалы 2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россиянын Красноярск шаарында, Сибир федералдык университетинин базасында өтүп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 600гө жакын катышуучуну чогултту.
Олимпиаданын жүрүшүндө катышуучулар аналитикалык тапшырмаларды аткарып, дүйнөлүк эксперттердин лекциялары менен мастер-класстарына катышышты. Ошондой эле глобалдык экономика, санариптик трансформация жана эл аралык кызматташтык темалары талкууланды. Азим Кыргыз Республикасын жана БМУну татыктуу деңгээлде көрсөтүп, жогорку даярдыкты жана аналитикалык жөндөмүн далилдеди.
Азим Жумаковду бул жетишкендиги менен куттуктайбыз жана ага чоң ийгиликтерди каалайбыз!



