Перейти к содержимому

БМУнун студенти Айдана Кенжакунова таэквондо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи

БМУнун студенти Айдана Кенжакунова таэквондо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи

2025-жылдын 3–13-октябрь күндөрү Италиянын Йезоло шаарында дүйнөнүн эң мыкты спортчулары катышкан таэквондо (ITF) боюнча XXIII дүйнө чемпиондугу болуп өттү.

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Кенжакунова Айдана Кыргыз Республикасын жана университетти жогорку деңгээлде көрсөтүп, 18–34 жаштагы аялдар арасындагы категорияда экинчи орунду ээледи.

Бул жетишкендик — чоң эмгектин, үзүрлүү машыгуунун жана спортко берилгендиктин натыйжасы болуп саналат.
Бишкек мамлекеттик университетинин жамааты Айдананын бул ийгилиги менен сыймыктанат жана ага мындан аркы чыгармачылык жана спорттук жетишкендиктерди, эл аралык мелдештерде жаңы жеңиштерди каалайт.