Перейти к содержимому

БМУ жетекчилиги эл аралык аренада ийгиликке жеткен студенттер менен жолугушуу өткөрдү

БМУ жетекчилиги эл аралык аренада ийгиликке жеткен студенттер менен жолугушуу өткөрдү

Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев окуу жайдын студенттери менен жолугушуп, алардын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерин жогору баалап, ыраазычылык каттары менен сыйлады.

Учурда университеттин студенттери Кыргызстандын атын дүйнөлүк аренада татыктуу таанытып келе жатышат. Тактап айтканда:

Кенжакунова Айдана тхэквондо боюнча өткөн дүйнө чемпионатында 18–34 жаш курактагы аялдар категориясында экинчи орунду ээлеп, Кыргызстанды жана БМУну эл аралык спорт аренасында даңазалады.

Жумаков Азим каржылык коопсуздук боюнча Эл аралык олимпиадада «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча II даражадагы дипломго ээ болуп, өзүнүн жогорку билим деңгээлин жана кесиптик чеберчилигин тастыктады.

Ректор Мирлан Дылдаев студенттердин ийгиликтери университеттин гана эмес, жалпы өлкөнүн атын таанытып жатканын баса белгилеп, аларга мындан ары да жаңы ийгиликтерди, илимий жана спорттук тармактарда жогорку жетишкендиктерди каалады. Ошондой эле, студенттердин жетишкендиктери университеттин сыймыгы экенин жана жетекчилик тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.