Перейти к содержимому

БМУда англис тилин өнүктүрүү багытында “Talking Club” уюштурулду

БМУда англис тилин өнүктүрүү багытында “Talking Club” уюштурулду

Бишкек мамлекеттик университетинин ыктыярчысы Кайан Бишоп жана эл аралык байланыш жана инвестициялар департаменти тарабынан экология жана менеджмент факультетинин студенттери үчүн “Talking Club” уюштурулду. Иш-чаранын максаты — студенттердин англис тилиндеги сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жана баарлашуу маданиятын чыңдоо болду.

Жолугушуу маалында катышуучулар ар түрдүү темалар боюнча пикир алышып, англис тилинде өз ойлорун эркин билдирүүгө жана практикалык көндүмдөрүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты.