Кусеин Исаев – философия илимдеринин доктору, социологиянын профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагына эбегейсиз салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу, педагог жана коомдук ишмер. Ал өмүрүнүн жарым кылымдан ашуун бөлүгүн өлкөдө жогорку билим берүүнү жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө арнаган.
1993-1999-жылдары академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жемиштүү эмгектенип, социологиянын илим жана кесип катары институтташуусуна зор салымын кошкон. “Башкаруу жана социология” (Москва, Санкт-Петербург университеттеринин мыкты окуу программаларынын негизинде) факультетин негиздеп, аны менен катар мезгил өзү талап эткен “Социология”, “Саясат таануу”, “Социалдык кызмат”, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедраларын, аспирантура, докторантура түзүмдөрүн ачкан. Бул факультетти 1999-жылга чейин жетектеген. Учурда университетте Кусеин Исаев атындагы Коом изилдөө борбору ийгиликтүү иш алып барууда.
1989-жылы Кыргыз социологдор коомун негиздеп, эгемендүүлүк мезгилинде ал Кыргызстан Социологиялык Ассоциацияна айланган. Бул уюмду 2023-жылга чейин жетектеп келген. Кусеин Исаев совет доорунда, андан кийин эгемендүүлүк жылдарынын ичинде бир катар кадыр-барктуу эл аралык уюмдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Алсак, Советтик социологиялык ассоциациянын вице-президенти (1988-ж.), КМШ социологдор ассоциациясы (1996-ж.), Евразиялык социологиялык ассоциациянын тең төрагасы (2001-ж.) болгон. 2005-жылы Кожоэли шаарында (Түркия) Түрк дүйнөсүнүн социология бирикмеси түзүлүп, ал анын жигердүү демилгечисинин бири болгон.
Ошондой эле Россия Федерациясынын Социалдык Академиясынын (1995-ж., Москва), Гуманитардык Академиясынын (1996-ж., Санкт-Перетбург) академиги, “Якобо” эл аралык изилдөө комитетинин мүчөсү (1997-ж. бери, Варшава, Сеул), Эл аралык социологиялык ассоциациянын мүчөсү (1998-ж. бери), авторитеттүү “Социологиялык изилдөөлөр” журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү (1994-ж. бери), “Цивилизациялар диалогу” эл аралык коомдук форумунун уюштуруу комитетинин мүчөсү (2002-ж. бери) болуп келген.
Кусеин Исаев Кыргызстан Социологиялык Ассоциациясынын президенти катары кыргыз социологиясын дүйнөлүк коомчулукка таанытуу багытындагы алгылыктуу иштерин баса белгилеп кетүү абзел. 1998-жылдан баштап Эл аралык социологиялык ассоциациясына (International Sociological Association) мүчөлүккө кабыл алынып, глобалдык жана локалдык маселелер боюнча жумушчу тобуна мүчө болуп кирген. Бир нече жылдардан бери кыргыз социологиялык дүйнө таанымын эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп келген. Алсак, Кусеин Исаев илимий баяндамалары менен Эл аралык социологиялык ассоциациясынын дүйнөлүк конгресстерине (Монреаль 1998-ж., Брисбен 2002-ж., Дурбан 2006-ж., Барселона 2008-ж., Гётеборг 2010-ж., Буэнос-Айрес 2012-ж., Йокогама 2014-ж.), “Цивилизациялардын диалогу” форумунда (Родос, 2002-2015-жж.), ошондой эле Россия социологдор коомунун конгресстерине (Москва, Екатеринбург, Санк-Петербург, Уфа, Казань ж.б. шаарларда), Түрк тилдүү социологдордун конгресстерине (Алма-Ата, Стамбул, Кожаэли ж.б. шаарларда) активдүү катышкан.
Кусеин Исаев саясат социологиясы, саясий элита жана анын калыптанышы, иденттүүлүк социологиясы, кыргыз таануу, демократияга өтүүдөгү улуттук өзгөчөлүк, рух-дөөлөт, дүйнө тааным, кыргыз тили, кыргыз мамлекеттүүлүгү сяктуу маселелерге арналган 20дан ашык китеп, анын ичинде 10 монография, 140 илимий эмгектер, 250дөн ашык илимий жана курч публицистикалык макалалар жергиликтүү басылмаларда, ошондой эле кадыр-барктуу эл аралык журналдарда жарык көргөн. Акыркы жылдары Кусеин Исаев кыргыз таануу жана кыргыз иденттүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, терең идеяларга жана ой-толгоолорго бай чыгармаларды жараткан. Алсак, “Кыргыз ким болгон? Ким болду? Ким болуш керек?” (Бишкек, “Улуу тоолор”басмасы, 2017-жыл, 236 б.), “Таза коом – Кыргызстанды өркүндөтүүнүн келечектүү жолу” (Бишкек, “Турар” басмасы, 2017-жыл, 128 б.), “Кыргыз таануу маселелери” (Бишкек, “Maxprint” басмасы, 2016-жыл, 474 б.) аттуу китептер жарыкка чыгып, академиялык чөйрөнүн жана жалпы окурмандарын купулуна толгон.
Эки кылымга тете жемиштүү илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн Кусеин Исаев “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” (2006-ж.) наамына, “Кыргызстандын Элдик мугалими” мамлекеттик сыйлыгына (2010-ж.) татыктуу болгон. Ал эми окумуштуулар жамаатынын, кесиптештеринин, шакирттеринин жана жалпы кыргыз коомунун алдында Мударис деген ардактуу атка ээ болгон. Бул бийик элдик макамды Кусеин Исаев өмүр бою татыктуу алып жүрдү.



