Мазмунга өтүү

Ушул жылдын 19, 20 майында БГУ им. К.Карасаева «Билим Стандарт» аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

19, 20 мая т.г. БГУ им. К.Карасаева успешно прошел аккредитацию внешней экспертной комиссией аккредитационного агентства «Билим Стандарт»

К.Карасаев атындагы БМУнун билим берүү программаларынын сапат стандарттарына шайкештигине Кыргызстандын жана Казакстан Республикасынын 10 алдыңкы эксперттик тобу тыкыр баа беришкен.

Аккредитация 14 бакалавр, магистратура жана PhD билим берүү программаларын камтыды. Эксперттер окуу процессине ар тараптуу талдоо жүргүзүштү, анын ичинде бардык түзүмдүк бөлүмдөргө жана ведомстволорго барышты. Баалоодо окутуунун деңгээли, окуу планынын сапаты, кадрлардын потенциалы жана университеттин иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен болгон мамилеси камтылган. Процедуранын алкагында адистерди даярдоо деңгээлин жана эмгек рыногунда алардын суроо-талаптарын объективдүү баалоо үчүн мугалимдер, кызматкерлер, студенттер жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен маектешүү уюштурулган.

БМУнун ректору Дылдаев М.М. университет үчүн аккредитациянын маанилүүлүгүн баса белгиледи: "БМУ өзүнүн билим берүү программаларын тынымсыз өркүндөтүүгө умтулат. Көз карандысыз аккредитациядан өтүү университетибиздин өнүгүүсүндөгү эң маанилүү этап. Бул сапаттын учурдагы деңгээлин ырастоого гана эмес, ошондой эле жакшыртууну талап кылган багыттарды аныктоого мүмкүндүк берет." 

© Токтобаев Канатбек – Сапат, практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы