2025-жылдын 21-майында БМУнун ректору Мирлан Дылдаев Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Президенти, Кыргыз Республикасынын Бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзунун башкы катчысы Замира Акбагышева жана Конгресстин вице-президенти Мира Рысалиева менен жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө билим берүү тармагында кызматташуу, илимде жана ишкердикте аялдарды колдоо маселелери талкууланды. Тараптар билим берүү жана социалдык демилгелерди ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

