Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинде жыйын өттү

В Бишкекском государственном университете состоялось совещание

2025-жылдын 21-майында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде декандардын жана кафедра башчыларынын жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жыйынтыктоочу сессияда тартип бузуулардын жана коррупциянын көрүнүштөрүнүн алдын алуу, ошондой эле жаңы окуу жылына студенттерди кабыл алууга даярдык көрүү жана кабыл алуу комиссиясынын ишин жакшыртуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары ректор Мирлан Дылдаевдин атынан кыргыз филологиясы факультетинин деканы Каныбек Кенжешев факультеттин 2025–2030-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү пландары менен тааныштырды.

Кеңешменин жыйынтыгында жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу жана стратегиялык пландарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.