Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Грузиянын алдыңкы окумуштуулары катышты. Бул конгресс буга чейин Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) өткөрүлгөн илимий жолугушуулардын уландысы болуп саналат.
Конгресстин максаты — география илиминдеги салттарды улантуу, заманбап изилдөөлөрдү илгерилетүү жана эл аралык илимий кызматташтыкты бекемдөө.
Жыйынды БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев ачып берди. Саламдашуу сөздөрү менен төмөнкү көрүнүктүү окумуштуулар кайрылышты:
– Абдурашит Гумарович Низамиев, ОшМУнун жаратылыш таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору;
– Владимир Александрович Колосов, Россия Илимдер академиясынын География институтунун директорунун орун басары, Россия география коомуунун вице-президенти;
– Александр Георгиевич Дружинин, «АРГО» президенти, Түштүк федералдык университеттин Түндүк-Кавказ илимий-изилдөө институтунун директору.
Пленардык жыйындын алкагында коомдук жана экономикалык географиянын заманбап тенденциялары менен чакырыктарына арналган бир катар илимий баяндамалар сунушталды.
Конгресс география илими аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүүгө салым кошуу маселелерин талкуулоонун маанилүү аянтчасы болду.