Мазмунга өтүү

2026-жылдын 3-мартында шахмат боюнча Республикалык универсиада өткөрүлүп, ага ФО 1-24 тайпасынын экинчи курсунун студенти Асел Маматкулова катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында Асел Маматкулова жогорку деңгээлдеги даярдыкты, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана ишенимдүү оюнду көрсөтүп, сыйлуу үчүнчү орунду ээледи.

Биз окуучубузду бул өзгөчө жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана анын жетишкендиги менен сыймыктанабыз. Аселге спорттук жана окуудагы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!