Х. Досмухаметов Кыргыз филологиясы, орус филологиясы факультеттеринин декандары жана Европа цивилизациясы факультетинин кафедра башчылары менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде болду. Делегациянын курамында көп тилдүү билим берүү факультетинин деканы Меруерт Амангазиева жана орус филологиясы кафедрасынын башчысы Жумагалиева Узим бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын академиялык мобилдүүлүгүнүн маанилүү маселелери, ошондой эле PhD докторанттарын биргелешип жетектөө мүмкүнчүлүгү талкууланды. Катышуучулар илимий макалаларды басып чыгаруунун келечегин жана изилдөө жаатында тажрыйба алмашууну талкуулашты.
Жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири эки университеттин ортосунда билим берүү жана илим тармагында биргелешкен иштердин жаңы горизонтторун ачкан кызматташуу келишимине кол коюу болду.
Бул демилге ЖОЖдор ортосундагы байланышты чыңдоо жана билим жана тажрыйба алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, бул өз кезегинде эки окуу жайда тең билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот.
К.Карасаев атындагы БМУ жана Х.Досмухаметов атындагы Атырау университети бул кызматташуу жаңы биргелешкен долбоорлордун жана демилгелердин негизи болуп каларына ишенимин билдиришет.
© Рахат Рай кызы – эл аралык билим берүү программаларынын жана долбоорлорунун координатору.