Мазмунга өтүү

Дүйнөлүк экономика жана чөлкөм таануу бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумушка орношуу перспективалары

Перспективы трудоустройства выпускников кафедры мировой экономики и регионоведения

2025-жылдын 24-апрелинде К.Карасаева атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетинин Дүйнөлүк экономика жана чөлкөм таануу кафедрасында жыл сайын өтүүчү «Дүйнөлүк экономика жана чөлкөм таануу» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жумушка орношуу перспективалары» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү, студенттердин өзүн өзү өнүктүрүүгө болгон мотивациясын жогорулатуу, университет менен иш берүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүү системасын бекемдөө максатында аспиранттар менен кызыкдар тараптардын жолугушуусу болуп өттү.

         Тегерек столдун жүрүшүндө өлкөбүздүн мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жаштардын ордун баса белгилеп, өздөрүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, кадрларга коюлуучу талаптар тууралуу айтып, жумушка орношуу боюнча сунуштарын, резюменин мазмунун, кытай тилин жана башка чет тилдерин үйрөнүү боюнча кеп-кеңештерин беришти.

Жолугушуунун катышуучулары ректор М.М. Дылдаев, мамлекеттик тил жана мектептен тышкаркы иштер боюнча проректору А.Т. Сатиев, Карьера, практика жана маркетинг борборунун директору К.А. Токтобаев, Кыргыз-кытай факультетинин деканы Ботоканова Г.Т., менеджмент программасынын 4-курсунун студенттери, эл аралык менеджмент профили, Dasmiya компаниясынын өкүлдөрү, Элет-Капитал МФК,Кытай-Кыргызстан тоо кен компаниясы«Кыргыз Эл Биримдиги» коомдук уюму, БГУнун Конфуций институту.

© Гүлнара Ботоканова - Кыргыз-Кытай факультетинин деканы