Мазмунга өтүү

Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине жол

Глобальный горный диалог во имя устойчивого развития: путь к Саммиту "Бишкек+25"

2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай” аттуу эл аралык конференция өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, тоо экосистемаларын сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Конференцияга К.Карасаева атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана Экология жана менеджмент факультетинин география, туризм жана табият таануу кафедрасынын башчысы Алыкул Орозалиев да катышты.

Конференция климаттын глобалдык өзгөрүүсүн, экосистеманын деградациясын жана тоолуу аймактардагы социалдык көйгөйлөрдү талкуулоого арналды. Ал Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды.

Конференцияга Европанын, Азиянын, Американын, Африканын жана Австралиянын 50дөн ашык өлкөсүнөн, ошондой эле 30га жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер катышты.