К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев Доржи Банзаров атындагы Бурят мамлекеттик университетинин ректору Алдар Дамдиновдун чакыруусу менен университетке жумушчу сапар менен келди.
Сапардын жүрүшүндө эки университеттин ортосунда билим берүү, илимий изилдөөлөр жана академиялык мобилдүүлүк тармактарында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Бул келишим жогорку билим берүү жаатындагы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын ортосунда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
