Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен Б. Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун максаты — билим берүү, маданий жана чыгармачылык тармактарда өз ара кызматташууну өнүктүрүү. Аталган документтин алкагында студенттер үчүн театр искусствосу боюнча практикалык иш-чараларды уюштуруу, маданий долбоорлорду биргелешип өткөрүү, ошондой эле жаштардын чыгармачылык потенциалын колдоо пландалууда.
Бул кызматташтык университет менен театрдын ортосундагы байланыштарды бекемдеп, студенттердин маданий жана руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
