2026-жылдын 2–5-март аралыгында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Жаз майрамына карата Кытай маданиятынын жумалыгы өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз-Кытай факультетинин деканы, профессор Г. Т. Ботоканова, Кытай тараптан Конфуций институтунун директору Ду Хуа, декандын орун басары Н. А. Секиева, кытай тили кафедрасынын башчысы, доценттин милдетин аткаруучу Айнура Кенеш, окутуучулар жана студенттер катышты. Ачылыштын алкагында Конфуций институту тарабынан Кыргыз-Кытай факультетине окуу куралдары тапшырылды.
Жуманын алкагында бир катар маданий жана билим берүү иш-чаралары уюштурулду. Атап айтканда, кытай тили боюнча сыноо тестинин жыйынтыгы менен мыкты студенттерге сертификаттар жана белектер тапшырылды. Ошондой эле кытай каллиграфиясы, кагаздан оймо-чиймелерди кесүү жана кытай улуттук ашканасынын салттуу тамагы — пельмень даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.
Мындан тышкары, кытай тили кафедрасы тарабынан «我眼中的中国» — «Кытай - менин көзүм менен» аталышындагы жыл сайын өткөрүлүүчү викторина уюштурулуп, ага биринчи курстун студенттери катышты. Викторинанын жүрүшүндө катышуучулар Кытайдын маданияты, тарыхы, географиясы жана тили боюнча билимдерин көрсөтүштү.
Бул иш-чаралар студенттердин Кытайдын маданияты, тарыхы жана салттары тууралуу түшүнүгүн кеңейтип, кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырды.
