Мазмунга өтүү

БМУнун окутуучулук курамы спартакиадада байгелүү орундарды ээледи          

БМУнун окутуучулук курамы спартакиадада байгелүү орундарды ээледи          

    2025-жылдын 23-июнунан 30-июнуна чейинки күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан “Кыргыз деңизи” ден соолукту чыңдоо санаторийинде  жогорку окуу жайларында эмгектенип жаткан окутуучу-профессордук курамдар арасында өткөрүлгөн “Ден соолук — 2025” спартакиадасына академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен спорттун эки түрүнөн үч курама команда катышып, бардык командалар ийгилик менен келишти. Алар: 45 жашка чейинкилер арасында уюштурулган кичи футбол боюнча мырзалар арасында окутуучуларыбыз 3-орунду, ошондой эле 45 жаштан жогоркулар арасында юштурулган кичи футбол боюнча мырзалар арасында окуучуларыбыз 3-орунду, ал эми 45 жашка чейинки кыз-келиндер арасында юштурулган волейбол оюну боюнча окуучуларыбыз 3-орунду камсыздашты.    

     Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен “Ден соолук — 2025” спартакиадасына катышып ийгилик жараткан профессордук-окутуучулук курамга бекем ден соолук, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.