2025-жылдын 25-июнунда Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп, анда университеттин стратегиялык өнүгүүсүнө байланышкан орчундуу маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкүдөй докладдар угулду жана талкууланды:
• 2024–2025-окуу жылындагы окуу-усулдук иш-чаралардын жыйынтыгы жөнүндө (окуу иштери боюнча проректору Козуев Д.И. баяндамасы);
• Эл аралык ишмердүүлүк жана университетке инвестицияларды тартуу жөнүндө (Э.К. Канатбековдун баяндамасы, Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар департаментинин директору);
• БМУнун 2023-жана 2024-жылдарга финансылык ишинин жыйынтыгы жөнүндө (пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысы Н.К. Заридинованын баяндамасы).
Бир катар стратегиялык маанилүү документтерди бекитүүгө өзгөчө көңүл бурулду:
• Программаны аккредитациялоонун натыйжалары боюнча аккредитациядан кийинки иш-чаралардын планы;
• Web of Science жана Scopusте индекстелген журналдарда кызматкерлердин жарыялоо активдүүлүгүн стимулдаштыруу жөнүндө жобо;
• Илимий изилдөөлөрдү ички гранттык колдоо системасы жөнүндө жобо;
• БМУнун «Социалдык-экономикалык жана гуманитардык илимдердин көйгөйлөрү» илимий журналын ачуу жөнүндө жобо;
• Кыргыз-Кытай илимий изилдөө борбору жөнүндө жобо;
• 2025–2026-окуу жылына абитуриенттерди БМУга кабыл алуу эрежелери;
• Кусеин Исаев атындагы Социалдык изилдөө борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат;
• Эл аралык билим берүү борборунун мугалимдеринин окуу-методикалык жүктөмүн эсептөөнүн убакыт ченемдерин бекитүү.