Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа цивилизациясы факультетинин деканы Назгуль Джаркинбаева PRESETT лидерликти өнүктүрүү программасынын алкагында Улуу Британиянын Кембридж шаарындагы Кембридж университетинде өткөн 5 күндүк окуу сапарына катышты.
Окуу сапары 2026-жылдын 25-январынан 31-январына чейин өтүп, кесиптик өнүгүүгө багытталган AELLCA программасынын алкагында уюштурулду. Анын жүрүшүндө ишкердик жолугушуулар, тематикалык семинарлар жана практикалык тренингдер өткөрүлдү.
Иш-чаралар билим берүү тармагындагы лидерлик потенциалды өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталды.
