Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинде К. Карасаевдин 125 жылдыгына арналган конок лекция өттү

В Бишкекском государственном университете прошла гостевая лекция, посвящённая 125-летию К. Карасаева

2025-жылдын 17-февралында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Педагогикалык билим берүү факультетинин Педагогика жана психология кафедрасында академик К. Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Устаттын жолу: К. Карасаевдин ишмердүүлүгүнөн жаштарга сабак» аттуу конок лекция болуп өттү.

Лекциянын модератору катары Мира Түмөнбаева болуп, иш-чараны факультеттин деканы Мира Мураталиева ачты. Ардактуу коноктор катары профессор Алтынай Карасаева, новатор-педагог Гапыр Мадаминов лекция студенттерге окуп, магистрант Курманалиева Кенжебүбү баяндама жасады.

Конок лекциянын негизги максаты — улуу агартуучунун илимий-педагогикалык мурасын заманбап билим берүү шартында талдоо, анын жаш муунду тарбиялоодогу жана кесиптик калыптануусундагы ролун илимий негизде ачып көрсөтүү болду.

Иш-чара суроо-жооп жана жандуу талкуу форматында өтүп, жыйынтык сөзүндө кафедра башчысы Сабырова Элзада катышуучуларга ыраазычылык билдирди.