Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана ЕМС академиясынын директору Назгуль Кынчеванын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, профессордук-окутуучулук курам менен студенттердин ортосунда тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Тараптар билим берүү жана илим тармагында узак мөөнөттүү, туруктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
