2026-жылдын 9–13-февраль күндөр аралыгында Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүү максатында чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуулар уюштурулду.
Иш-чарага эл аралык иштер жана инвестициялар боюнча проректор Тологонов Ф.Т., ошондой эле визалык колдоо боюнча башкы адис Абдылдабекова Ж.Р. катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамынын негизги жоболору, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын Бишкек шаарынын аймагында болуу жана билим алуу тартибин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын талаптары кеңири жана так түшүндүрүлдү.
Особое внимание было уделено вопросам недопущения просрочки виз, Өзгөчө көңүл визалардын мөөнөтүн өткөрүп жибербөө, убактылуу жашаган жери боюнча өз убагында каттоодон өтүү, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу болуу мөөнөттөрүн так сактоо, Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда милдеттүү медициналык камсыздандырууну өз убагында тариздөө, ошондой эле миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчилик маселелерине бурулду., соблюдения сроков законного нахождения на территории Кыргызской Республики, оформления обязательного медицинского страхования в Фонде обязательного медицинского страхования Кыргызской Республики, а также ответственности за нарушение миграционного законодательства Кыргызской Республики.
Аталган жолугушуулар чет өлкөлүк студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мүмкүн болуучу укук бузуулардын алдын алууга жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган.
