Универсиада – 2026 мелдешинин алкагында жогорку окуу жайлар арасындагы аялдар волейболу боюнча Жогорку лиганын оюндарында университеттин курама командасы жогорку чеберчиликти жана мыкты даярдыкты көрсөтүп, ардактуу үчүнчү орунга татыктуу болду.
Мелдештин жүрүшүндө команда биримдикти, жеңишке болгон күчтүү умтулуусун жана техникалык жактан жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтө алды. Спортчулар бир катар татаал беттештерде туруктуулукту сактап, күчтүү атаандаштарга каршы татыктуу каршылык көрсөтүштү.
Бул жетишкендик – машыктыруучулардын үзүрлүү эмгегинин, ошондой эле студент кыздардын тынымсыз машыгуусунун жана спортко болгон берилгендигинин жыйынтыгы.
Университеттин жалпы жааматы команданы бул маанилүү жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктап, алдыда дагы жаңы жеңиштерди жана бийик ийгиликтерди каалайт.
